super.kg logo
  Саясат  

Наталья Никитенко: "Өмүрбек Текебаевге моралдык кысым болуп жатат"

 

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко камактагы Өмүрбек Текебаевге моралдык кысым болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-апрелде аталган фракциянын жыйынында билдирди.

"Башкы прокуратуранын отчёту Жогорку Кеңешке келгенден кийин жарандар тарабынан көптөгөн чалуулар болду. Көпчүлүгүнүн кайрылуусун карасам укук коргоо органдары тарабынан кысым болуп жатканы көрсөтүлгөн. Чынында моралдык кысым жасалган фактылар көп. Өмүрбек Текебаев №47-колонияда моралдык кысымга кабылган. Ал отурган камерага онлайн көрүп турууга шарт түзгөн видеобайкоо орнотулган. Мунун өзү моралдык кысым деп эсептейм. Эмне үчүн онлайн видеобайкоо орнотулган?" - деди Никитенко.

Башкы прокурордун орун басары Бөкөнбөй Казаков видеобайкоо Текебаевдин коопсуздугу үчүн орнотулганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: