"Мискенбаевдин "Кыргыз көмүрдөн" 3 миллион сом алганы аныкталса кылмыш иши козголот" дейт башкы прокурордун орун басары
"Мээрбек Мискенбаевдин "Кыргыз көмүр" ишканасынан 3 миллион сом алганы аныкталса кылмыш иши козголот", - деп бүгүн, 6-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков билдирди.
Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Мээрбек Мискенбаев буга чейин "Кыргыз көмүрдөн" 3 миллион сом алганы далилденгенин, прокуратуранын ага карата кандай чара көрөрүнө кызыкты.
"Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мискенбаев 3 миллион сом алганын далилдеген. Дегеле Мискенбаевге прокуратура кандай чара көрөт? Кылмыш иши ачылыш керек да", - деди Шыкмаматов.
Бөкөнбай Казаков факты далилденсе, ага карата кылмыш иши козголо турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
10

