super.kg logo

Түштүк Кореянын мурдагы президенти 24 жылга эркинен ажыратылды

 

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе 24 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пак Кын Хе коррупцияга жана өлкөнү башкарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Мындан сырткары, сот мурдагы президентке 16 миллион 900 миң доллар айып салган. Сот мурдагы өлкө башчыны, ага карата тагылган 18 айыптын он алтысы боюнча күнөөлүү деп таап, 24 жылга эркинен ажыраткан.

Ошондой эле анын курбусу Чхве Сун Силге мамлекеттик иштерге кийлигишкен деген айып тагылган. Аны прокуратура 30 жылга эркинен ажыратууну өтүнүп, февраль айында сот 20 жылга эркинен ажыратып, 16 миллион 600 миң доллар айып салган.

Айта кетсек, Чхве Сун Силдин аты Түштүк Кореядагы чоң коррупциялык чыр менен байланышкан. Ал өлкө башчысынын атын жамынып көптөгөн ири компаниялардан акча талап кылган. 2016-жылдын ноябрь айында камакка алынып, ага 18 берене боюнча айып коюлган. Сот иштери 1 жылдан ашык убакытка созулган. Бул окуядан көп өтпөй 2017-жылдын март айында өлкө башчысы Пак Кын Хе "коррупциялык иштерге байланышы бар" деген шек менен камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
06.04.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына чындык!!! Бизде жалан байкуштар кармалат,а атка минерлер болсо эскиби? Жаныбы? Ацырмасы жок алыскы урпагы да камалбайт,чындык чыркырап кала берет...
06.04.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына ушундай болот закон чындап иштеген өлкөлөрдө. Тартип бар мамлекеттерде...!!!
06.04.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздин аша омур боюга кесилсе керек эле. Эгер ушундай акыйкат сот болсо
06.04.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дарыгер,жоок АША сразу атууга окум болот эле
06.04.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дача суудагы авиа кырсыкка ким куноолу ошону таппай жаман кыйналдым.
06.04.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туганчыл эмес закон баардык жарандар учун бирдей иштеген олко. Бизди кумтор эле бутка тургузуп коймок жеп жутарлар болбогондо
06.04.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
24 жыл эмес, ошонун жарымы эле жетет болчу биздин экс президенттерге
06.04.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына закон, президенти соттоп ириптир.
08.04.2018. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин улуу урматтуу бывший мамлекет башчы олум жазасына кетсе керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: