super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөтүү керек дейт

 

6-апрелде мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Эр Теги", "Апрель байрагы", "Айкөл Таза коом", "Элдик сакчы", "Апрель баатырлары", "Орток шамы", "Мекен үчүн", "Элдик кайрат", "Патриот" жана "Каркыра" коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экс-президент Кыргыз өлкөсүндө 2005 жана 2010-жылдагы окуялардын кайталанышына жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеш керектигин айтты. "Кечээ бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков туура айтты", - деп Атамбаев өлкө башчыга жакшы башталыштарында колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары экс-президент Апрель окуясында каза болгондордун жана жаракат алгандардын туугандарына дайыма колдоо көрсөтүп келгенин жана көрсөтөрүн айтты. Аларга колдоо көрсөтүү үчүн түрдүү социалдык долбоорлорду каржылоого атайын фонд түзүлө турганын баса белгиледи Атамбаев.

Апрель окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары экс-президентке ыраазычылык билдиришти.

Андан соң Атамбаев алардын суроолоруна жооп берди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: