super.kg logo

Былтыр коррупция боюнча 704 кылмыш иши козголгон

 

2017-жылы Башкы прокуратура тарабынан 9 миң 417 текшерүү жүргүзүлүп, 14 миң 607 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9 миң 670 адам тартылып, коррупция боюнча 704 кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле билим берүүнүн 6 объектиси, саламаттыкты сактоо объектилерине мурда таандык болгон 3 жер тилкеси, бир ат майдан, андан тышкары жалпы аянты 629 гектарды түзгөн 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын Казаков кошумчалады.

Анын отчётун уккан соң фракция мүчөлөрү мамлекетке ири зыян алып келген жагдайлар иликтенбей жатканын белгилешип, жыйынтыгында фракция отчётту "канааттандырарлык эмес" деп тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.04.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол 704 кылмышкердин 72 камалдыбы
06.04.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөз менен жыргатып, кол менен жарытпайт.
06.04.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек баары эле коррупционер экен да. Ошолордун канчоосу камалды? Иш козгогонду айтпай, жыйынтыкты айтпайсынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: