Кыргыз спортчусу Асел Шарбекова жаа атуу боюнча беделдүү мелдеште күмүш медаль тагынды





Жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери Асел Шарбекова Казакстанда өткөн "Гран-При" мелдешинде күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын жаа атуу боюнча федерациясы билдирди.
Казакстандын Шымкент шаарында 30-марттан 5-апрелге чейин өткөн мелдеште жалпы эсепте Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу катышкан. Финалдык баскычта Асел Шарбекова Олимпиада оюндарынын катышуучусу менен кездешкен. Тилекке каршы, Шарбекова жеңилип калып, күмүш медалдын ээси болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.