super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Комендант: "Жатакананы дезинфекциялоо боюнча студенттерге эскертилген, эч ким көчөдө калган жок"

 

Ош технологиялык университетинин жатаканасындагы студенттер көчөдө калган деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирүү жөнөткөн эле. Бул боюнча аталган окуу жайдын жатаканасынын коменданты Сардарбек Жусубалиев жооп берди.

"Окуу жайдын жатаканасын дезинфекциялоо боюнча Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык станция тарабынан тапшырма берилген. Кат ушул жылдын 21-февралында жиберилген. Ош шаардык дезинфекциялоо бөлүмү менен ОшТУнун ректору 27-мартта келишим түзүп, анын негизинде дезинфекциялоо иши жүргүзүлгөн. Жатакана "А" жана "Б" блоктон турат. Мындан улам ушул жылдын 30-мартында жатакананын "А" блогуна дары чачканбыз. Бир күн мурда студенттерге түшүндүрүп, ар бир бөлмөнүн ачкычтары вахтага тапшырылган. Дары чачылган күнү "А" блогундагы студенттер "Б" блокко бир күнгө жайгаштырылган.

5-апрель күнү "Б" блокту дезинфекцияладык. Алдын ала студенттерге эскертүү берилип, бөлмөнүн ачкычтары вахтага өткөрүлсүн деген тапшырма берилген. Бирок 4 бөлмөнүн эшиги жабык болгондуктан, аргасыздан кулпусун бузууга туура келген.

Ал эми дары чачкан жумушчулар дарынын жытына ууланып калбаш үчүн студенттердин буюмдары башаламан абалда калган. Бир дагы студент көчөдө калган жок. Анткени алар кайрадан өз бөлмөлөрүнөн орун алышкан", - деди ал.

Сардарбек Жусубалиев студенттин маалыматы чындыкка дал келбейт деп кошумчалады. Ошондой эле дезинфекциялоо иштери июль жана август айларында да жүргүзүлөрүн айтты.

"Жатакананын жобосуна ылайык, анда жашаган студенттер милдеттүү түрдө бөлмөлөрдүн ачкычтарын вахтага таштап кетиши керек. Бул жобону бардык студенттер билишет", - дейт жатакананын коменданты.

Ал эми жатаканада жашаган студент дезинфекциялоо эскертүүсүз жүргүзүлгөнүн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.04.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге ишенээрини да билбейсин
07.04.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ооздон чыккан сөз, миң оозго барып жетет.
07.04.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
4 комнаттын студенттерин такалайт экен да эми ректорат, комендант биригип
07.04.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эскииго
08.04.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сардар 1 күн алдын эмес 3-4 күн алдын эскертүү бериш керек эле!!!эми эшигин оңдоп жаңы замок коюп бериш түздөн түз силердин милдетиңер эшикти оңдоп бергиле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: