super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрель күндөрү Түркияга барат

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-апрелинде Түркияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, президент сапардын жүрүшүндө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, премьер-министр Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда расмий жолугушууларды өткөрөт.

Сапардын алкагында спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык, инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жана социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууларга, басма сөз жана маалымат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу маанилүү документтерге кол коюу пландалууда.

Түркияга расмий сапар аяктаган соң 11-12-апрель күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына да жумушчу сапар менен барат.

Бул сапар Европа союзу менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы мамилени жакшыртууга багытталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: