Кербен шаарына Өзбекстандан көчмө зоопарк келди. Балдардын маанайы мыкты
























Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кербен шаарына Өзбекстандан көчмө зоопарк келди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жергиликтүү жашоочу Элнура Мамыралы кызы билдирди.
Анын айтымында, көчмө зоопарк шаардагы борбордук стадионго жайгаштырылган. Учурда жамгыр жаап жатканына карабастан эл абдан көп.
"Мен баламды алып, ата-энем менен келгем. Зоопаркта төө, аюу, жолборс, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөрдүн бир канча түрү бар экен. Чынында балдар, балдар эле эмес айрым чоң адамдар буга чейин жаныбарларды мультфильм, тасма, сүрөттөрдөн көрүп жүргөн болсо, эми жанынан көрүштү. Балдардын маанайы абдан жакшы, баары жаныбарларды көрүп таңыркап жүрүшөт.
Маскарапоздор да бар экен, алар балдарга оюн коюп, көңүлдөрүн ачып жатат. Бул күнүмдүк окшош күндөрдү жакшы нукка бурган күн болду.
Көчмө зоопарк биздин шаарда канча күн болору мага белгисиз", - деди Мамыралы кызы.
Кербен шаарына көчмө зоопарк келди
Кербен шаарына көчмө зоопарк келди


















1 |