АКШда адамдын оюн окуй турган аппарат жарык көрдү
АКШда адамдын оюн окуй турган аппарат жарык көрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Массачусетс технологиялык институтунун өкүлдөрү адамдын 90 пайыз оюн туура окуй ала алган "АlterEgo" аппаратын коомчулукка тартуулады.
Белгилүү болгондой, кулактын артынан жана ээк жактан бекитилген атайын аппаратты кийген соң датчиктер адамдын баш мээсинен кетип жаткан маалыматты аныктап, адам эмне тууралуу ойлонуп жаткандыгын билет.
Мисалы, адам "азыр саат канча болду?" деп ойлонсо, аппарат дароо туура убакытты айтат. Аппаратты ойлоп чыккандардын бири Арнав Капурдун айтымында, аталган аппарат келечекте смартфондорду жана "акылдуу" гаджеттердин баарын алмаштырат.
Адамдын оюн окуй турчу аппарат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:17
2025-06-14
Рейтинг:
1

Жаман Максатта колдонуп олот да эми