super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына Идрис Кадыркулов дайындалды

 

Идрис Кадыркулов УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн 7-апрелде маалымдалды.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, Идрис Кадыркулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды.

Айта кетсек, 7-апрелде УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбев жана анын орун басары Болот Сүйүмбаев кызматтарынан бошотулган.

Идрис Кадыркулов 1971-жылы 4-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Кашка-Суу айылында туулган.

1996-жылы - Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган;

2015-жылы - Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктаган;

1994-1998-жылдары – Ички иштер министрлигинде атайын кызматкер;

1998-2002-жылдары – УКМКнын аймактык бөлүмдөрүндө кызматкер;

2002-2015-жылдары – УКМКнын ыкчам бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда иштеген;

2016-жылдын 14-январында - Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: