super.kg logo
  Спорт  

"Бавария" футболдук клубу Германия биринчилигин 6-ирет катары менен жеңип алды

 

"Бавария" футболдук клубу Германия биринчилигинин аягына 5 тур калганда чемпиондукту камсыздады. Аталган клуб Бундес Лиганы 6-ирет катары менен жеңип алды.

Германия биринчилигинин 29-турунда мюнхендик "Бавария" конокто "Аугсбург" футболдук клубу менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө "Аугсбург" командасы эсеп санын 18-мүнөттө Никлас Зюленин голу менен ачса, "Бавария" буга 32-мүнөттө Корентен Толиссонун голу менен жооп берди. 38-мүнөттө Хамес Родригес эсепти 2:1 кылса, 62-мүнөттө Арьен Роббен эсепти 3:1ге кыла алды. Беттештин соңуна 3 мүнөт калганда Сандро Вагнер Рудинин пасынан соң эсепти 4:1 кылып, бул беттешке чекит койду.

Муну менен "Бавария" футболдук клубу Бундес-Лиганын аягына 5 тур калганда 72 упай менен чемпиондукту камсыздай алды. Ал эми турнирдик жадыбалда 2-орунда "Шальке" командасы 52 упай менен жайгашкан.

Айта кетсек, "Бавария" клубу Германия биринчилигин 28-ирет жеңип алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.04.2018. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайбыз Бавария футболдук клубуну Германияда тен келе турган команда жок
08.04.2018. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лига 1 менен Бундеслигада эч кандай интрига жок.Бавария менен ПСЖга тен келген эч ким жок.АПЛ да оюндар кызыктуу.
aiba-889290 түзөттү 2018-04-08 01:33:09
08.04.2018. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiba-889290,Туура.АПЛ де баарын кутууго болот.Аягына чейин ойношот
08.04.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам туура
08.04.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бавариянын кучун эми коробуз лчдо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: