super.kg logo

Интернет колдонуучулар Бишкектин арыктарына коюлган лотоктор суу өткөрбөйт, бак-дарактар куурайт деп кабатырланышууда

 

Социалдык тармактарда Бишкектеги Калык Акиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн тартып Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгына төшөлүп жаткан лотоктор талкууга түштү. Интернет колдонуучу аталган жерге коюу үчүн алып келинген бетон лотокторду сүрөткө тартып: "Бул лотоктор стандартка жооп бербейт, сууну жерге өткөрүүчү тешикчелери жок", - деп жазган. Бишкектин жашоочулары эми мындай арыктар менен баш калаа такыр бак-дараксыз калат деген билдирүүлөрдү жазышууда.

"Мындай лотоктордун коюлушу шаардагы бак-дарактарга зыянын тийгизип, дарактардын куурап калуусуна алып келет. Эмнеге көзөмөл жок, эмнеге бардык талаптарга жооп берген лотокторду алып келишпейт?" - деген билдирүүлөр көбөйдү.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаевге байланышып, жооп алды. Анын айтымында, Бишкектин көчөлөрүндөгү арыкка коюлуп жаткан лотоктор бардык стандарттарга жооп берет.

"Калык Акиев көчөсүндөгү арыктарга коюлуп жаткан лотоктор арыкка коюлгандан кийин жерге суу өткөрүүчү атайын тешикчелери чагылып, толук шарттар аткарылат. Ал эми лотоктордун жаңысында тешикчелери жок болгону менен, атайын тешүүгө даярдалган издер бар. Ал эми мындай тешикчелери жок да лотоктор болот, андайлар бак-дараксыз жолдун жээгиндеги арыктарга коюлат.

Албетте, шаар тургундарынын ишти көзөмөл кылып турганы жакшы, бул жагдай боюнча айтсам, балким, түшүнбөй жатышкандыр. Лотоктор орнотулгандан кийин издер тешилип, жер алдынан суу өткөнгө ылайыкташат", - деди Эшенбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.04.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айткан сөзү айткан жерде калат көрүп жүрөбүз шаардагы латокторду тешиги жок бак дарактарга суу өтбөй жаткандарды
08.04.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нурлан Эшенбаевич сиз айткандар чын эле коюулгандан кийин тешилеби? Же ооз эки түрүндө калабы? Сиз жеке өзүңүз көзөмөлдөп 100% кепилдик бере аласызбы?
Omush94 түзөттү 2018-04-08 13:14:11
08.04.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аштын онойу атала
08.04.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында тешилчу жердин орду бар экен суротто корсотулгон боюнча карасак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: