super.kg logo

Бишкектин Эркиндик бульварындагы талкуу жараткан "тарыхый жол" тууралуу мэрия түшүндүрмө берди

 

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварындагы асфальттын алдынан табылган таш жолду сактап калуу тууралуу кызуу талкуулар болуп жатат.

Эркиндик бульварынын Чүй кең көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки аралыгынын батыш тарабында оңдоо иштери болуп, эски асфальтты сыйрып, жаңы асфальт төшөө пландалып, иштер башталган. Эски асфальтты сыйрыган учурда алды 19-кылымга таандык таш төшөлгөн жол экени аныкталган.

Бул жолду көргөн шаар тургундары социалдык тармактарда таш жолду сактап калуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Бул маселе тууралуу SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаевге кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү билдирди:

"Ал көчөнүн жолу техника өнүгө элек учурда айла жоктон жасалган. Жолго төшөлгөн таштар кадимки эле сайдын таштары. Ал эми Москва шаарындагы Кызыл аянтка төшөлгөн сыяктуу атайын тегизделген, иштетилген жылмакай таш болсо, анда кандайдыр бир жолдорду иштеп чыкмакпыз. Бирок ал борбордук унаа жолдордун бири, ушул бойдон таштап койсок төшөлгөн таштар айдоочуларга жана жолдо жүргөн унааларга кыйынчылык жаратат. Ошондуктан ал жолду оңдоп, асфальт төшөө туура чечим болот", - деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
08.04.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошондо бул жолду 19-кылымдан бери эми оңдоп жатышабы?
08.04.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туштук Кореянын Чонжу шаарында Ханок маыль деген Корейлердин илгээрки уйлору жайгашкан жер бар. Ошол жерде ушул сыяктуу таш тошолгон илгээрки кочолорду сонун кылып реконструкция кылып коюшкан. Азыр ал жерди коруш учун кун сайын жуздогон туристтер келип турат. Биздин бульвардын кочосун деле таш менен реконструкция кылып койчсо жакшы болмок деп ойлом.
09.04.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аны ондоп тузоодон откоро алышпайт себеби акча жок, ондоп тузоп койсо дагы бироо жазат Бишкектин кочолору начар мэрия асфальт баса албайт деп. Озунор деле ойлосонор же атанар салган 20кылымдагы уйдо жашай аласынарбы
09.04.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оңдоп каражат кетиргиче бузуп жаңы жасаган оңой деп ачыгын эле айтпайбы... Болбосо, түрктөрдүн Стамбулунда 17-кылымдагы курулуштары турбайбы сонун эле.. Туристтер да жайнап барат көргөнү.. Бизде деле,"кой 19- кылымды жон тери болбосо да бутубуз менен сезели дегендер көп келмек беле ошол бойдон калтырсак..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: