Хабиб Нурмагомедов ким менен беттешкиси келерин айтты
Орусиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов кийинки кармашын канадалык Жорж Сен-Пьеро менен өткөргүсү келерин айтты. Мушкер мындай пикирин бүгүн, 8-апрелде орун алган беттештен кийин билдирди.
"Мен өзүмдүн командамдын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдиргим келет. Бул жеңишке биз чогуу жеттик. Бир гана нерсе, бул мелдешке атам келе албай калып менин чемпион болгонумду жанымдан көрө алган жок. Ошондой эле Эл Яквинтанын командасына ыраазычылык билдирем, Яквинта чыныгы мушкер экен.
Кийинки беттешимди канадалык Жорж Сен-Пьеро менен өткөргүм келет. Бирок кандай гана атаандаш болбосун беттешке чыгууга ар дайым даярмын", - деди Нурмагомедов.
Айта кетсек, бүгүн, 8-апрелде орусиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Эл Яквинтаны жеңип, чемпиондук курдун ээси болду.

Эгер Хабиб мусулман болгон болсо, силерге бир тууган болбойт. Силер биринчи ислам динин туура тушунуп алгыла, атына эле мусулманбыз деп кокурок какпай....
Ашынган динчилдер оздорун гана мусулман эскптеп, калганын каапырга же тенирчилерге чыгарат, хотя чын-чынында оздору таза мусулман эмес, бар-жокко исламды тыга берип диндин кадырын кетирип, динди жаманатты кылып, динди бурмалап журушкону жургон. Акыры спортко да динди тыга башташыптыр....
Майрамдар болобу, башка болобу динди суйроп келип дооругондорду катуу сындашат. Саясаттан дин башка болуусун, диндин же дин окулдорунун саясатка аралашуусу туура эмес экенин ар дайым айтып келишет. Муну менен алар каапыр же тенирчи болуп калбайт, кайра ашынган динчилерге салыштырмалуу кобурок мусулман.