Балбан Айзек Шамшыбеков Москванын студенттер арасындагы спорттук оюндарында күмүш медаль алды





Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз балбаны Айзек Шамшыбеков Орусиянын Москва шаарында өткөн самбо боюнча мелдеште күмүш медаль тагынды.
ХХХ Москванын студенттер арасындагы спорттук оюндарынын алкагында Айзек Шамшыбеков самбо боюнча мелдешке катышты. 100 килограммдан жогорку салмак ченинде күч сынашкан Шамшыбеков мелдештин жүрүшүндө 3 атаандашынын үстүнөн жеңишке жетип, финалга аттанды. Алтын медаль үчүн беттеште орусиялык Иван Колесников менен кездешип, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартты. Орусиялык спортчу алтын медалга ээ болсо, Айзек Шамшыбеков күмүш медалды тагынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.