super.kg logo
  Спорт  

Дзюдочу Эрлан Шеров жаштар арасындагы Европа кубогунда күмүш медаль жеңип алды

 

Кыргыз дзюдочу Эрлан Шеров Италияда өтүп жаткан жаштар арасындагы Европа кубогунда күмүш медалдын ээси болду.

81 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашкан Эрлан Шеров алгачкы беттешинде сербиялык Михайло Чиричти, жарым чейрек финалда бельгиялык Нейл Де Лааттын үстүнөн жеңишке жетип, чейрек финалда орусиялык Павел Белинди утуп алды. Жарым финалдык баскычта Эрлан Шеров италиялык Коми Бедел менен туш келди. Беттештин соңуна 51 секунд калганда Шеров кооз ыкма менен атаандашын көтөрүп чаап, финалга аттанды. Анда Шеров швейцариялык Лукас Виттвер менен күч сынашты. Тилекке каршы, Эрлан Шеров кошумча убакытта 3 эскертүү алып, жеңиш атаандашына ыйгарылды. Муну менен Шеров күмүш медалдын ээси болсо, Виттвер алтын медалды тагынды.

Айта кетсек, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 4 спортчу катышкан. 81 килограммга чейинки салмак ченинде Адиль Мырзаев жана Богдан Филипов катышса, 66 килограммга чейинки салмак ченинде Эртур Турдубаев катышкан.

Адиль Мырзаев мелдештин жүрүшүндө 4 беттеште атаандашын утуп, 2 беттеште жеңилүү ызасын тартып 7-орунга жайгашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: