super.kg logo

"Медресени бүтсө эле имам болуп кетпейт": Диний окуу жайларда балдарга кесиптик билим да берилүүдө

 

"Медресе жаштарын кесипке үйрөтүү" долбоорунун алкагында Кыргыз өлкөсүндө медресе окуучуларына кесиптик билим берүү долбоорунун үчүнчү этабы ишке ашууда. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырып жаткан Айыл жаштарына кесиптик билим берүү (“АВЕП”) коомдук фонду маалымдады.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында бул жолу Кыргыз өлкөсүндө бардык облустарынан бирден тандап алынган бир катар диний окуу жайлардын тарбиялануучулары ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим алышкан. Адистиктер ширетүүчү, ашпозчу, кондитер азыктарын даярдоочу, тигүү тармагы, компьютердик сабаттуулук жана электрик багыттары боюнча үйрөтүлөт.

"Долбоордун биринчи бөлүгү 2015-жылы башталган. Былтыр кесип үйрөткөн курстар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарын камтып, жалпысынан 300гө чукул медресе окуучулары ар кандай кесиптин ээлери болушкан. Быйыл Муфтият менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы дагы колдоп, жалпы Кыргыз өлкөсүнүн аймагын камтыганы жатат. Медреселерде окуган жаштарды кесипке үйрөткөн жабдуулар менен камсыздап, окутуп, үйрөтүүгө кеткен чыгымдарды толугу менен грант катары АКШнын Кыргыздагы элчилиги каржылоодо. Кесип үйрөнүүдөн тышкары долбоор жаштарды терроризм, радикализм менен экстремизм коркунучтарынан сактап, жумушсуз жүргөн жаштарды эмгек иш орундары менен камсыздоону көздөйт", - деп жазылат маалыматта.

"АВЕП" коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токоновдун айтымында, медреселердин айрымдарында гана мектеп программасы окутулбаса, көпчүлүгү диний билим берүү менен гана чектелип келе жатышат.

"Жылына медреселерде 2-3 миңден ашык улан, кыздар бүтүшөт. Бирок алар диний билим алганы тууралуу диплом алганы менен, бардыгы эле имам болуп кетпейт. Жумуш табылышы кыйын. Диний окуу жайларга мугалим болуп ишке орношуу дагы кыйын. Диний билим алган туура. Бирок ага кошумча ошол жерде кыска мөөнөт ичинде кесип дагы үйрөнүп чыкса андан бетер жакшы. Үй-бүлөсүн бакканга кошумча акча табуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп жатпайбы", - деди Токонов.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
09.04.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эн туура. Светтик билим да алуулары керек. Болбосо жаш окуучулар ар кайсы мифтерге ишенип алышып фанат болушуп, сакал остуруп, оронушуп кетип жатышат. өтө эле сокур динчил болуп түшүнө ишенип журө бербеш керек.
09.04.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эгер биздин озубуздун ата бабаларыбыздын осуятынан тузулгон кучтуу жазылган руханий китебибиз болгондо, кыргыздар арабташпай кыргыз эле болуп жашамакпыз. Азыр араб элдеринин кооз жазылган руханий китептерин окуп алышып, арабтардын жашоосу бизге укмуш, сонун сезилип, ошого жараша алардын кийимдерин кийип, маданиятын туурап, ошолордун эле таасири астында калып жатабыз. Арабтар дин - деп коюп бизге чынында, оздорунун гана идеялогиясын, маданиятын бизге таанулап жаткандай сезилет.
zhaku2017 түзөттү 2018-04-09 09:22:05
09.04.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhaku2017, үстүңдө кийген бир да кыргыз кийими жок, арабтын кийимин кийдиң деп бирөөгө сын айткандар күйгүзөт да! Араб маданияты бизге жаман нерсени үйрөттүбү? Ошол эле светтикпиз деп кыйкыргандар жакшы көргөн орус маданияты (европа) бизге эмнени үйрөттү??? Сөгүнгөндү, бир жыныстуулардын бири бирине үйлөнүшүн, кыздар жылаңачтанып жүрүшүн ким үйрөтүп жатат, акылдуусунгандар??? Кудайдан коркуп жашаганды үйрөнгүлө!!!
09.04.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS,
Элдин баары сен ойлогондой эмес. Светтик адамдар деле жакшанакай уй булоо куруп, бала чонойтуп, билим берип жашап жатышат. Онуккон Европага жетиш кыйын.
09.04.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динчилдин арасында билимдин баркы жок, билимдуулордун арасында диндин баркы жок.
09.04.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ислам дини эч бир улутту бири-биринен жогору койбойт. Ошол эле убакта арабдардын кийгенин кий деп таңуулаган жери жок. Арабдашкыңар келбей нукура кыргызча калгыңар келсе эмнеге анда европалашып кетип жатабыз? Же биздин чоң-энелерибиз шым,мини юбка кийип киндигин ачып жүрчү беле, же көчөдө эл көзүнчө кучакташып өбүшүп жүрчү беле? Ошондо деле күн ыссык болгон бирок жакшынакай эле узун кийинишип ыймандуу болушкан. Анткени азыркыга караганда исламды катуу кармашкан. Элде бири-бирине сый-урмат болгон
09.04.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки молдо бир киши, бир молдо жарты киши. Ырысы жок эл - ырымчыл, динчил. Карангы элге молдо башчы.
09.04.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ka2sr1, Мелдешесинби, светтик илимди эн жакшы окуган бала менен диний илимди эн жакшы окуган баланы алып, экоону тен 2 ай даярдап, анан светтик илимдер боюнча жарыштырсан диний илимди окуган бала женишке жетет. Анткени диний илимди окугандар зээндуу жана эрки ото кучтуу болушат.
Bilal2013 түзөттү 2018-04-09 12:31:08
09.04.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала жорго жолду бузат, чала молдо элди бузат.
09.04.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билим илим ашып туруп ыйман жок болсо. илимди акча табуу учун пайдалансан анда адашкансын.
09.04.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azimbaeva1989,
Ыйманды жамынып алышып арабтардын идеясын тутпаш керек. Ыйман деген туз жур, ууру кылба, ушак айтпа дегенди билдирет. Бизде ыйман десе арабтырдын тилине кирип, молдолор тур десе туруп, бас десе басып, жат десе жатып айдама болуп журушот
09.04.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көбүн жабыш керек болчу,бок ооз, радикал жаштардын баары ушундай жерлерден чыгып ФБда каяша айткан адамдарды мусулманчылыктан чыгарып коюп олтурушат (((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: