super.kg logo

Аз камсыз болгон 1000ден ашуун үй-бүлөгө турак жай куруп берген мушкер Мэнни Пакьяо

 

Филиппиндиктер үчүн №1-адамга айланган мушкер, бокс боюнча Дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо (толук аты-жөнү Эммануэль Дапидран Пакьяо) 1978-жылы 17-декабрда Филиппинде жайгашкан Букиднон провинциясынын Танго айылында жарык дүйнөгө келген.

Пакьяого чейин дүйнөлүк бокстун тарыхында Филиппинден бир дагы Дүйнө чемпиону чыккан эмес. Жакыр жана көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон мушкер 12 жашынан тартып иштей баштаган. Ал алгач таттуу токочторду сатып иштеген. Пакьяонун таякеси анын жумушка болгон жоопкерчилиги жана алдыга умтулуусу жогору болгонун кийин айтып берген.

Өспүрүм Пакьяо белгилүү мушкерлер Майк Тайсондун жана Бастер Дугластын беттешин көрүп шыктанып бокс менен машыга баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, иштеп жүргөн учурунда Пакьяо үйүнөн кетип калган. Анын үйдөн кетүүсүнө узак убакыттан бери үйүнө келбей, үй-бүлөсүнө каралашпай жүргөн атасы келип мушкердин эң жакшы көргөн күчүгүн союп жеп салгандыгы түрткү болгон. Дал ушул күндөн тарта тирүү легендага айланган Пакьяо бокс менен жигердүү алектене баштаган.

Ал бокс менен машыгып дүйнөгө таанымал гана болбостон, өзүнө жаккан иш менен акча таап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип, мамлекети үчүн көптөгөн иштерди жасоону көздөгөн.

Пакьонун өжөрлүгү жана алдыга умтулуусу анын дүйнөдөгү 8 салмак ченинде чемпион болгон жалгыз мушкер болуусуна алып келген. Мындан сырткары ал саясатка аралашып шайлоодо жеңишке жетишкен. Өзүнүн спорттук карьерасындагы эң алгачкы акча каражатына Танго айылындагы аз камсыз болгон бир нече үй-бүлөгө үй куруп берген. Убакыттын өтүшү менен жана акча каражатынын көбөйүшү менен, Мэнни Пакьяо өзүнүн туулуп-өскөн айылына 1000ден ашуун үй салып, ал аймакты "Пакман-вилладж" деп атаган.

Мушкер аталган аймакта жашаган өспүрүм балдар жаман жолго түшүп, баңгизаттарын сатып жана колдонбосун деген үмүттө спорттук аянтчаларды, сейил багын жана көп функционалдуу борбор ачкан.

Мэнни Пакьяо: "Биздин өлкө жаңы баатырларга муктаж. Менин жашоомдогу эң оор кармаш - бул рингдеги кармаш эмес, бул менин өлкөмдөгү жакырчылык менен болгон күрөш".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(10)
09.04.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эркек экен, бул адам президент болсо барбы, Филиппин тез эле онугуп кетсе керек эле. Ушундай адамдардан бизге 5-10 болсо жетет эле, 120сынын кереги жок эле
09.04.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат экенсиң Пакьяо! Ф. Мэйвезер менен беттешинде калыстар Мэйвезерге тартып коюшкан, жеңген болчу!
09.04.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
охоо бизден да чыгар бекен ....
09.04.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Булардын бир эле мушташы миллиондогон доллар. Ошондуктан жардам бере алышат. Бизде бироону кой, оздору аран жашап жатышат. Бизде биринчилике бир тоок менен сыйланат.
09.04.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айдар Акаев, Максим Бакиев, Ө Бабанов окуп алып намыстанып кетишбегей эле.
09.04.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сооптун түбүндө калыптыр азамат.Чакан эле үй куруптур,ушундай кипкичинекей үйдө да бактылуу жашаса болот бизде хан сарай кылып үй тургузуп өздөрү 2 комната времянкада жашайт. (Бир боксер да өлдү эле го девушкасынан подозрения кылган,мен ушул Пакьяо деп жүрүпмүн го ал кайсы боксер эле билгендер айтып койгулачы)
09.04.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,Arturo Gatti emespi
09.04.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздикилер аял алганга шашмак Алмазбек Раимкуловко окшоп!
09.04.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат, азамат, жана да азамат!!! башка сөз жок...
10.04.2018. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атандын гору, эркек болсо сендей болоор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: