super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы тротуар жыл өтпөй жарактан чыкты" дейт окурман

 

"Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунун Д.Күйүкова көчөсүндөгү тротуар 2017-жылдын күз айларында жасалып, асфальтталып бүткөн. Бирок арадан үч-төрт ай өтпөй эле тротуар чөгүп, жөө адамдар басуучу жолдун таш талканы чыкты", - деп жазылат окурмандын WhatsApp аркылуу "Элдик кабарга" жөнөткөн билдирүүсүндө.

Анын айтымында, тротуардын сапатсыз салынганы көп убакыт өтпөй эле белгилүү болгон. Чет жагына орнотулган бордюрлар да сынып жатат.

"Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жасалган жолдун мындай кейпин көрүп кейибей койбойсуң. Бул ишти көзөмөлгө алган тиешелүү мекемелер кайсы жакты карап отурган деген суроо жаралат. Ар бир ишке ушундай мамиле кылып отурсак тазга айланабыз. Тийиштүү тарап бул боюнча чара көрүп, ишти көзөмөлдөйт деп үмүт кылам", - деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
09.04.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас
09.04.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрадан жасатып, жумушун жасай албаганы үчүн айып пул салып, акырында камап салыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: