Ноокат районунун аймактык ооруканасында өрт чыкты
Ош облусунун Ноокат районунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, бүгүн, 19-июнда таңкы саат 4:00дө “101” кызматына Ноокат районундагы аймактык оорукана күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлгөн. ӨКМ билдиргендей, өрт толугу менен өчүрүлгөн жана жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Өрт Ноокат районундагы аймактык ооруканада чыккан, ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, жабыр тарткандар жок.