super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалынын жооптук беттештери орун алат

 

Бүгүн, 9-апрелде футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалынын жооптук беттештери орун алат. Анда Бишкек шаарында "Алга" командасы "Фарватер" менен кездешсе, Кызыл-Кыя шаарында "EREM" командасы "Мурас" командасын кабыл алат.

"Алга" (Бишкек) - "Фарватер" (Бишкек)

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) "Алга" "Фарватер" командасын кабыл алат. Жарым финалдын алгачкы беттешинде командалар "Алай" спорт комплексинде күч сынашкан. Анда "Алга" командасы акыркы мүнөттөрдө эсеп санын 3:2 кылып, жеңишти илип кеткен. Бүгүн "Алга" "Фарватерди" өз талаасында жеңип, финалга өткөнгө аракет кылмакчы.

"Алга" (Бишкек) - "Фарватер" (Бишкек)

Биринчи оюндун жыйынтыгы: 3:2

Башталышы саат 20:00дө.

"EREM" (Ош) - "Мурас" (Ысык-Көл)

Кызыл-Кыя шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) "EREM" командасы ысык-көлдүк "Мурасты" тосуп алат. Жарым финалдын алгачкы беттешинде "EREM" командасы конокто ойногон, анда анын оюнчусу Улан Байгазы уулу, финалдык ышкырыкка саналуу секунддар калганда эсеп санын өзгөртүп командасына жеңиш алып келген. Бул ирет "EREM" өз талаасында "Мурасты" жеңип алууга аракеттенмекчи.

"EREM" (Ош) - "Мурас" (Ысык-Көл)

Биринчи оюндун жыйынтыгы: 2:1

Башталышы саат 20:00дө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: