Ош ОИИБи: "Ноокатта кызга жолугууга келген жигитти 50дөй эмес, 10дой эле адам сабаган"
Ноокатта кызга жолугууга келген жигитти 50дөй эмес, 10дой эле адам сабаган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сабалган бала ооруканага жаткан эмес, милицияга да арыз менен кайрылган эмес. Кийин ал видео тараган соң гана милиция кызматкерлери барып арызын алышты. Ал оор жаракаттарды алган эмес, көгөргөн, сыйрылган жерлери бар. Андан сырткары аны сабагандар 50дөй эмес, 10дой эле адам болгон. Учурда алардын алтоо кармалды, калгандарын кармоо иш-аракеттери жүрүп жатат", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган. Андан кийин милициядан бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугууга келген дагы бир жигит сабалып, алган жаракатынан улам каза болгону маалым болгон.
Ноокатта бир адамды айылдаштары ур-токмокко алды
Ноокатта бир адамды айылдаштары ур-токмокко алды-2


Берки өлгөн баланы ургандар жонундо да маалымат алсанар болмок.