super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

 
Өлкө башчы Түркияга иш сапары менен барды
Өлкө башчы Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту
Өлкө башчы Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту
Жолугушуу учурунан
Жолугушууда 2 өлкө ортосундагы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун кадамдары талкууланды
Жолугушуу учурунан

Кечээ, 18-июнда президент Алмазбек Атамбаев Анкара шаарында жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды түз тартуу маселелери дагы каралды. Тараптар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөрүлгөн эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык кызматташуунун Башкы кеңешинин 2-жыйыны кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу кезектеги кадам жана мамлекеттер аралык натыйжалуу диалогдун  далили болуп калгандыгын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: