super.kg logo
  Саясат  

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайга учуп кетти

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайга учуп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге КСДП партиясынан билдиришти.

"Алмазбек Шаршенович Кытай мамлекетинин чакыруусу менен Хайнань аймагында “Ачык жана заманбап Азия өнүгүү жолунда” аталышындагы форумга катышуу үчүн кетти. Иш-чаранын расмий ачылышы 10-апрелге белгиленген. Мындан тышкары жолугушуулар да болот", - дешти партиядан.

"Атамбаев Кытайга казакстандык олигарх Алижан Ибрагимовго таандык Embraer учагы менен учуп кеткен" деп айрым булактарга жарыяланган маалыматты калп дешти.

"Биз ал ушак сөздөрдү окуп чыктык. Маалымат туура эмес берилген" деп кыскача кошумчалашты КСДПдан.

Партия өкүлчүлүгү Атамбаевдин Кытайга кандай учак менен кеткени жана аны аэропортко чейин кимдер узатканы боюнча кенен айтып берүүдөн баш тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -15 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: