super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига-2018: 1-турдун жыйынтыгы

 

7-8-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын жаңы сезону старт алды. Анда 1-турдун алкагында беттештер Бишкек, Кант, Ош жана Кочкор-Ата шаарларында орун алды. 2018-жылдын сезонунда жалпы 8 команда күч сынашууда, алардын арасында 2 жаңы команда бар. Анын бири Ош шаарында жаңы түзүлгөн "Академия" командасы болсо, экинчиси Бишкек шаарындагы футбол борборунун "Илбирс" командасы.

Топ-Лиганын алгачкы туру Бишкек жана Ош шаарларында старт алды. Анда Бишкекте "Дордой" командасы "Кара-Балтаны" кабыл алса, Ошто жергиликтүү "Алай" командасы "Илбирсти" кабыл алды.

"Дордой" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)

Бишкек шаарындагы футбол борборунун талаасында Өлкө кубогунун чемпиону "Кара-Балта" командасын кабыл алды. Александр Крестининдин шакирттери беттешти курч чабуулдар менен баштаса, кара-балталык футболчулар оюнду коргоо бөлүктө өткөрүп жатты. 38-мүнөттө "Дордойдун" оюнчусу Осей дарбазачы менен бетме-бет чыгып, кароосуз калган Амир Гурбаниге пас берди, Гурбани бош дарбазага сокку узатып, эсепти ачты. 10 мүнөттөн соң Гурбани кайрадан Осейдин чыгарып берүүсүн кабыл алып, таамай сокку менен эсепти 2:0 кылды. Муну менен командалар гол киргизгенге үлгүрүшкөн жок. "Дордой" командасы алгачкы 3 упайга ээ болсо, "Кара-Балта" упайсыз калды.

"Алай" (Ош) - "Илбирс" (Бишкек)

Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо азыркы таптагы Өлкөнүн чемпиону жана Суперкубоктун жеңүүчүсү "Алай" Бишкектин жаңы түзүлгөн "Илбирс" командасын кабыл алды. Беттештин жүрүшүндө Оштун командасында Алиа Силла 2 гол менен жана Максат Алимов 1 гол менен айырмаланса, "Илбирс" командасы Фархат Мусабековдун голу менен гана жооп бере алды. Муну менен "Алай" командасы 3 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалдын сап башында жайгашса, "Илбирс" упайсыз калды.

"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алга" (Бишкек)

Кант шаарында жергиликтүү "Абдыш-Ата" командасы бишкектик "Алганы" кабыл алды. Беттештин жүрүшүндө командалар гол киргизгенге бир нече мүмкүнчүлүккө ээ болушкан. Бирок дарбазачылар мыкты оюн көрсөтүп жана футболчулар таамай болбой, беттештин аягында эсеп саны 0:0 бойдон калды. Беттештин аягында "Алга" командасы гол киргизген, бирок калыс офсайд абалын байкап, гол эсепке алынган жок. Муну менен "Абдыш-Ата" менен "Алга" бирден упайга ээ болушту.

"Нефтчи" (Кочкор-Ата) - "Академия" (Ош)

Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" Оштун "Академия" командасын кабыл алды. "Нефтчи" командасы эсеп санын 13-мүнөттө ачты. Анда Умидулло Иминов таамай болуп, эсепти 1:0 кылды. "Академия" командасы жаңы түзүлгөнү менен, курч чабуулдарды уюштуруп жатышты, бирок чабуул аягына чейин чыкпай эсеп санын теңдегенге үлгүрүшкөн жок. 74-мүнөттө "Академиянын" футболчусу Давран Ражапов катачылык кетирип, өз дарбазасына гол киргизип алды. Муну менен беттеш 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, "Нефтчи" алгачкы 3 упайына ээ болду.

Турнирдик жадыбал






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.04.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай чемпион
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: