Ысык-Көл. Тоң районунда калыңдыгы 12 сантиметрге жеткен кар жаап, 200 баш кой өлдү
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тоолуу аймактарында 17-июндан 18-июнга караган түнү калыңдыгы 7-12 сантиметрге чейин кар жаап, жергиликтүү элдин малы кырылууда. Аталган райондун акими Бакыт Рыспаевдин берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Калкагар айылында 96 кой, Ала-Баш айылында 30, Ак-Өлөң айылында 75 кой сууктан өлгөн. Азыркы учурда райондо атайын штаб түзүлүп, дагы канча мал өлгөнү тууралуу тактоо иштерин жүргүзүүдө.”Өлгөн малдардын көрсөткүчтөрү мындан дагы жогору болушу мүмкүн”, - деп кошумчалады аким.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

