"Өзбек чек арасынын кызматкери инимдин артынан кууп баратканын көрүп, "атпа" деп кыйкырганыма карабай атып салды" дейт маркумдун таежеси
Аксыда Өзбек чек арачыларынын огунан каза болгон Кыргыз жараны Фархад Мырзакалыков Өзбекстандын аймагына өткөн эмес. Мындай пикирин анын бир тууган таежеси Гүллола Жумабаева 9-апрелде SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, маркум ошол күнү Кыргыз мамлекетинин аймагында эле жайгашкан таежесинин үйүнө барган. Өзбекстанда жашаган эжесинин үйүнө барган эмес. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Мырзакалыков ошол күнү Өзбекстанда жашаган Дилорам Бекиева аттуу таежесинин үйүнө барып, кайтып келе жаткан.
"Фархад Дилорам аттуу Өзбекстанда жашаган таежесинин үйүнө барган эмес. Ал биздин үйгө келген. Биздин үй Кыргыз жеринде салынган, бирок Өзбек чек арасына жакын. Ал келген убакта мен короо шыпырып жаткандыктан, үйгө көпкө турбай эле кайра чыгып кеткен. Ал сыртка чыккандан кийин бир аз өтүп-өтпөй эле мылтыктын үнү угулду. Карасам, Фархад Кыргыз жеринде жоокерлерден качып бара жатыптыр. Жоокер артынан кууп, "атам" деп кыйкырып жатты. Мен аларды көрүп эле "атпагыла" деп сурандым, бирок жоокер эки жолу ок чыгарды окшойт, Фархад кулап түштү. Жанына чуркап келсем жоокерлер мени жанына жолотушкан жок. Анан инимди Өзбек чек арасына сүйрөп жөнөштү. Алар сүйрөп бара жатып арыктагы сууга түшүрүп жиберишти. Мен кыйкырып жардам сураганда адамдар чыгып, инимдин сөөгүн алып келишти", - дейт Жумабаева.
Ал эми маркумдун бир тууган агасы инисинин өлүмү Өзбек чек арачысы менен болгон пикир келишпестиктен улам болгон деп ойлойт.
"Инимди Кыргыз жеринен эле атышкан. Окуяга далил катары мылтыктын огу жана инимдин каны турат. Фархад каза болгондон кийин жоокерлер Өзбек чек арасын көздөй сүйрөшкөн. Окуяны толук таежем билет. Себеби ошол убакта анын жанында болгон. Ал "атпагыла" деп да жалдыраган экен. Ага болбой атып салышканын эжем мылтыктын огу кулагымдын түбүнөн өттү деп ыйлап айтып берип жатат. Негизи инимди эжемдин үйүнө бара жатканда чек арадагы жоокерлер менен жакалаша кеткен деп да айтып жатышат. Бирок эмнеге жакалашканы тууралуу эч ким айткан жок. Ал эми Өзбек мамлекети тараптан да бирөө жарым келип, окуя тууралуу сөз чыгарган жок. Учурда эмне себептен атылганы боюнча бизге бир да маалымат айтыла элек. Чындыгында, окуя болгон жер Кыргызга же Өзбекке тийиштүү деген бир дагы так маалымат жок. Андыктан ал жер такташтырып келгенде эки өлкөнүн бирине карап калышы толук мүмкүн. Андыктан атып салгандай такталган жер эмес эле", - деп билдирет маркумдун агасы.
"Фархаддын төрт баласы бар. Айылда ата-энемди карап, дыйканчылык менен алектенчү" деп кошумчалайт.
Эске салсак, 7-апрель күнү Өзбекстандын чек арачыларынын огунан Аксы районунун 34 жаштагы Фархад Мырзакалыков аттуу тургуну каза болгон.
кошулду
Кыргыз жаранын Өзбек чек арачысы атып салды (нерви жукаларга сунушталбайт)
Кыргыз жаранын Өзбек чек арачысы атып салды 1 (нерви жукаларга сунушталбайт)
Кыргыз жаранын Өзбек чек арачысы атып салды 2 (нерви жукаларга сунушталбайт)

Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар.