Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон иш сапарынан фоторепортаж
Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияда эки күндүк расмий иш сапары менен жүрөт. Кечээ аны Анкара шаарындагы "Эсенбога" эл аралык аэропортунан Түркиянын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу жана Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа тосуп алды.
Андан соң Жээнбеков Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине барып, анын бейитине гүлчамбар койду. Мамлекет башчы мавзолейге Даңк аллеясы менен барып, гүлчамбар коюп, бир мүнөт үн катпай түрк мамлекетинин негиздөөчүсүн эскерди. Ошол эле жерден президент Ардактуу меймандардын китебине Түркия Республикасынын элине тынчтык жана бакубатчылык каалаган жазуу калтырды.
Андан кийин Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту. Президенттик ак сарайда Түркия президенти өзү тосуп алды. Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду. Бул күнү президенттер тар жана кеңейтилген чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Эрдоган Түркия Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык өнүгүшүн дайыма колдоп келгендигин жана мындан ары да мамиле бекемделерин айтты. Сооронбай Жээнбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн демилгеси менен бир топ максаттар ишке ашырылып жатканын, ага мисал катары Көчмөндөр оюнун, Астанадагы түрк академиясын белгиледи. Сүйлөшүүдө энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, маданият тармагындагы маселелер жана парламент аралык кызматташуулар талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө быйыл күздө Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин өткөрүү иши каралды.
Расмий иш сапардын жыйынтыгында 6 эки тараптуу документке кол коюлду. Алар айыл чарба, дене тарбия, спорт, социалдык камсыздоо, экономика тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуулар.
Иш-чаранын соңунда өлкө башчылары журналисттерге маалымат жыйынын уюштурушту. Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз өлкөсү Түркия үчүн маанилүү экенин айтты. "Биздин ишкерлердин маанилүү инвестициялары бар. Үч миңден ашуун студенттер акысыз билим ала алышты", - деди Эрдоган.
Мындан тышкары ал ФЕТО уюму Түркия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты бузууга аракет кылганын айтты. "Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм", - деди Түркия лидери.
Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Кыргыз өлкөсү менен Түркия товар айлануу көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жогорулатууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары ал Түркияда иштеген Кыргыз жарандары пенсия ала турганын баса белгиледи.
Жээнбековдун Түркиядагы иш сапары


