ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: Коомдук-саясий ишмер Абсамат Масалиев көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак
Мындан 85 жыл мурун, 1933-жылы 10-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна (мурдагы Ош облусунун Фрунзе району) караштуу Алыш кыштагында туулган.
Ал 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, 3 жылдан соң Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн.


1985-жылдан тартып Кыргыз коммунисттик партиясын жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон. СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты болгон. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, II даражадагы "Манас" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ал 1995-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2004-жылы 31-июлда Абсамат Масалиев жүрөк оорусунан улам 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
10-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

