super.kg logo

Стамбул шаардык мэриясы жоогазынга 2 миллион 500 миң доллар сарптады

 

Түркиянын Стамбул шаарында салтка айланган Жоогазын фестивалы өтүп жатат. Мындай иш-чара аба ырайына жараша жоогазын гүл ачкан кезде өткөрүлгөнүн чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, Жоогазын фестивалы негизинен апрель айына туш келет. Бул учурда шаардын көчөлөрүндө, сейил бактарында, аллеяларда жоогазындар гүлдөй баштайт.

Көпчүлүк жоогазындар Эмирган, Гүлхане сейил бактарында, Султанахмет аянтында отургузулуп, келген туристтерге жана жергиликтүү жашоочуларга ачык маанай тартуулайт. Түркиянын тарыхында жоогазын гүлүнүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхчылар Осмон империясынын символу катары белгилүү болгон жоогазын гүлү Голландияга Стамбулдан жеткирилгенин айтышат. Фестивалдын алкагында шаардын сейил бактарында жана тарыхый аймактарында отуз миллион түп жоогазын тигилет. Жоогазындарды Түркиянын бир канча облустарындагы дыйкандар өстүрүшкөн. Бул жылы фестивалга шаардык мэрия 2 миллион 500 миң доллар сарптаган. Күн сайын түрдүү оюн зоок, гүлдөрдүн көргөзмөсү, музыка менен коштолгон фестиваль демейде 1 айга, айрым жылдары андан да узак убакытка созулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.04.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий жакшы кылыптыр мэриядакылар анда,Биздин Оштун Бишкектин Мэриясы силер да Өзбекстандан гүл чыгып жатат, бир 3 млн $ гүл алып эгип коргүлө.Кийин гүл өсүп өнүп кетбесе да,гүлгө деген сол чөнтөккө өөнөп калган акчаңар калат оз чөнтөктөрүңөрдө.
10.04.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Во Бишкекти макабай ушул жакты мактаса жарашчудай экен
10.04.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу гул аябай жагат да . Биздеги гулдордун бою кичинекей, башкача болуп калганбы э? Баары эмес албетте
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: