Майлуу-Сууда дарыядан студент кыздын жансыз денеси табылды. Ал 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында дарыядан студент кыздын жансыз денеси табылды. Ал 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарындагы окуу жайлардын биринде окуп жүргөн М.А. аттуу студент кыз 8-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан. Анын атасы 9-апрелде милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, издөө иштери жүргүзүлө баштаган. 10-апрелде кыздын жансыз денеси Майлуу-Суу дарыясынан табылган. Маркумдун денесине кароо жүргүзүлүп, жыйынтыгында анын киши колдуу болбогондугу белгилүү болгон.
Ага байланыштуу каза болгон кыздын жакындары арыз жазуудан баш тартышып, эч кимге доолору жок экенин айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
nuri1

10.04.2018. 10:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кырсыкты болжоп болбойт.
aIways-here

10.04.2018. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка сайттарда жигиттин сөөгү табылды деп журотго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.