Британиялык оор атлет штанганы көтөргөндөн кийин эсин жоготту
Австралияда өтүп жаткан Достук оюнунда британиялык оор атлет Жошуа Парри штанганы көтөргөндөн кийин эс-учун жоготуп кулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Британиянын спортчусу Жошуа Парри 160 килограмм салмактагы штанганы түртүп жатып эс-учун жоготуп жерге кулаган. Спортчу штанганы ийинине чейин булкуп көтөргөн, бирок андан жогору көтөрүүгө жасаган аракетинен майнап чыккан эмес.
Жерге кулаган спортчуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, анын эс-учун жоготкондугунун себеби кычкылтектин жетишсиздигинен улам болгон деп аныктама беришкен. Жошуа Парри эсине келип элдердин кол чабуусу менен мелдеш залынан чыгып кеткен.
Штанга көтөрүп жатып эсин жоготкон Жошуа Парри
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(2)
 
	
		
			Azi81		
		
			
		
	
	
			
		
	
				10.04.2018. 14:21 
					
			
	Тайпасы:
			
		Комментарийлердин саны:
			
		Катталган:
			01-01-1970
		Соӊку аракети:
			01-01-1970 00:00
		Жынысы:
			Белгисиз
		
			+2
					
	
		
			Тез сакайып кетсин, оомиин!!!			
		
			
		
			ziash85		
		
			
		
	
	
			
		
	
				10.04.2018. 14:31 
					
			
	Тайпасы:
			
		Комментарийлердин саны:
			
		Катталган:
			01-01-1970
		Соӊку аракети:
			01-01-1970 00:00
		Жынысы:
			Белгисиз
		
			+2
					
	
		
			Azi81,кычкылтек эле жетишпей калыптыр ,ден -соолугуна деле оор залакасын тийгизбегендир			
		
			1  | 							
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














