super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Өмүрбек Текебаевди жүрөк оорусуна байланыштуу текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага алып барышат

 

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусуна байланыштуу текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 10-апрелде камакта жаткан Өмүрбек Текебаев кардиология борборунан текшерүүдөн өтөт. Текшерүүдөн кийин дарыгерлердин жалпы чечими менен кийинки аракеттер көрүлөт, "жатып дарылануусу керек" десе жаткырылат же болбосо "мурдагы дарыларын ичүүсүн уланта берсин" десе анда колонияга кайра жаткырылат", - дешти ЖАМКтан.

Буга чейин коомдук ишмерлер жана саясатчылар Текебаевдин дарылануусуна шарт түзүп берүү үчүн президентке, премьер-министрге жана спикерге кайрылуу жөнөтүшкөн.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: