super.kg logo

MegaCom депутаттын компаниядан 60 миллион сом уурдалды дегени боюнча: "Компаниядан мыйзамсыз акча чыгаруу мүмкүн эмес"

 

MegaCom компаниясынан 60 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын чыгарып кетүү жөнүндө депутат Алмамбет Шыкмаматовдун билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, компаниядан мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын чыгарып кетүүгө мүмкүн эмес.

"Алмамбет Шыкмаматовдун компаниядан каржы чыгарып кетүү тууралуу айткан сөздөрү чындыкка дал келбейт. MegaCom компаниясынын 100 пайыз акциясы толугу менен мамлекетке тиешелүү экендиги маалым, уюлдук оператордун каржылык ишмердүүлүгү жаап-жашырылбастан, ачык жүргүзүлөт жана ар дайым тиешелүү органдардын көзөмөлүндө.

Бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын талаптарына ылайык, мамлекеттик сатып алуулардын zakupki.gov.kg. расмий порталында тендер өткөрүү жолу менен гана ишке ашырылат", - деп маалыматта айтылат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: