super.kg logo

Депутаттар Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп салууну сунушташты

 

Бүгүн, 10-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун аткарган иштери тууралуу маалыматтарды укту.

Анда аталган борбордун башчысы Нурдин Сулайманов өлкөдөгү кыйноо фактыларына байланыштуу кайрылуулардан сот жообуна тартылган адамдар жоктугун айтты.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев борбор таап чыккан фактылар боюнча канча прокурор, канча милиция кызматкери, канча сот кызматтан бошотулганын сурады.

Сулайманов мындай фактылар жоктугун билдирди. "Биз андай фактыларды тапсак, сүрөткө тартып прокуратурага гана жиберебиз", - деп жооп берди.

Масалиев: "Анда бул борбордун эмне кереги бар? Кайсы бир факт табылгандан кийин кыйноо фактылары аныкталса силер чара көрө албайсыңарбы? Биз атайын улуттук борбор түзгөндөн кийин жок дегенде укук коргоо органдарына кайрылууга укугуңар бар. Силер жөн эле статистика санап отурганыңардын эмне кереги бар? Жарандар силерге үмүт менен кайрылып жатат. Эгер бул борбордун ыйгарым укуктары болбосо анда бул кыймылды жоюп салалы", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
10.04.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: