super.kg logo

Мавлян Аскарбеков бир жылга кесилиши мүмкүн. Сот өкүмдү даярдоо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти

 

Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун иши каралууда. Ал соттогу акыркы сөзүн сүйлөп бүткөн соң, сот өкүмдү даярдоо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Аскарбеков акыркы сөзүндө соттук териштирүүлөр 4 айдан бери уланып келгенин айтты. "Буйрук жана акча менен сот жана прокурорлор элдин тагдырын талкалап жатат. Сот мыйзамсыз чечим чыгарып келет. Бул доор бүттү.

Мен учак кулаган Дача-СУ айылынын элинин талабын талашкам. Ал айыл дале кооптуу абалда. Күнөөлүүлөр табылбай, тескерисинче, мага жана айылдын айрым тургундарына куугунтук болуп жатат.

Менин сүйлөгөн сөзүм боюнча 12 эксперт дайындалып, талдап чыгышкан. Алар алгач менин сөзүмдө "конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырык бар" деген жыйынтыкка келишсе, сот отурумунда "чакырык болгон эмес, эсибизде жок экен, видеону көрүшүбүз керек" дешти. Кийин бир гана эксперт келип "чакырык болгон эмес" деп айтты. Кайра кийинки сотко 4 эксперт келип, буйрукту аткарып, мени "чакырык таштаган" деп айтышты", - деди активист.

Эске салсак, Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (бийликти күчкө салып тартып алууга же Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

Прокурорлор аны бир жылга эркинен ажыратууну соттон суранышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
10.04.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Оозунду баспай тим журсон, оозунду ачып каласын.
10.04.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дагы деле Ашанын бийлиги журуп атат
10.04.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мавлян коптон бери актуалдуу маселелерди которуп келет.Келечекте копту умуттондургон жигит.Эмне болсо да ак иште.
10.04.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мавлян чыныгы эр журок кыргыз жигити,жениш сен тарапта болсун,сен смстерди туура жаза албай ,комускодо отургандардан эмес экендигине сыймыктанабыз.
10.04.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эле болсун Мавлян. Жаман кишинин аты бору басар болуп Мавлян деп аты да жаман экен.
10.04.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул балашка каякта чыр болсо ошол жерге барып автор болгонду жакшы корот.
10.04.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы элдин талабын которуп эл учун курошкон адам башкача болот.
10.04.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына соттордун кебетеси... ХХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 17:33:57
10.04.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАнын саясаты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: