Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматтарынын башчылары жолугуп, эмнени чечкени белгилүү болду
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчысы Руслан Мирзаев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жолугушуу 9-апрелде Өзбекстандын Наманган облусунун Заркент айылында өттү.
Чек ара башчылары 7-апрелде Аксы районунда Кыргыз-Өзбек чек арасында окуя болгон жерди аймактык жетекчилер укук коргоо органдары менен биргеликте көрүп чыгып, эки тараптуу жумушчу комиссиясын түзүү чечимин кабыл алышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, апрель айында эки тараптын Чек ара кызматынын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген отурум өткөрүү пландалды. Ошондой эле эки тараптын өкмөттөр аралык чек ара боюнча кабыл алган чечимдеринин, келишимдеринин аткарылышын жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду.
Эске салсак, 7-апрель күнү саат 7:30 чамасында Өзбекстандын чек арачыларынын огунан Аксы районунун 34 жаштагы Фархад Мырзакалыков аттуу Кыргыз жараны каза болгон. Ал Өзбекстанда жашаган таежесинин үйүнө барган. Кайра Кыргыз мамлекетине кайтып келе жатканда өзбекстандык чек арачылар башына атып жиберишкен.
Бул окуядан улам Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду чакырып, ага нота тапшырган.
кошулду













1 |