Эртең Топ-Лиганын 2-туру "Дордой" - "Академия" командаларынын беттеши менен старт алат (тизме)

Эртең, 11-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 2-туру старт алат. Анда Бишкек шаарында "Дордой" командасы Оштон келген "Академия" командасы менен беттешет. 2-турдун оюндары 12-апрелде Кочкор-Ата жана Кант шаарларында уланат. Кантта "Алга" менен "Кара-Балта" кез келсе, Кочкор-Атада "Нефтчи" өз талаасында бишкектик "Илбирсти" кабыл алат. 2-тур 15-апрель күнү Кант шаарында "Абдыш-Ата" - "Алай" беттеши менен жыйынтыкталат.
1-турдун жыйынтыгында "Алай", "Дордой" жана "Нефтчи" командалары 3 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда 1-3-орунда жайгашса, 4-5-орунда 1 упайга ээ "Абдыш-Ата" менен "Алга" командалары жайгашкан. Ал эми турнирдик жадыбалдын акыркы үчтүгүндө "Академия", "Кара-Балта" жана "Илбирс" командалары жайгашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.