super.kg logo

Чыгыш-5 кичи районундагы өрт кырсыгынан ӨКМнын кызматкерлери 33 жаранды куткарышкан

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 18-июнда саат 21:25де Чыгыш-5 кичи районунда чыккан өрт кырсыгы тууралуу маалымат берди. Белгилүү болгондой, №18/2 үйдүн 34-батиринде пластик курулуш материалдары, 40 чарчы метр пластик менен капталган шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1-кабаттан 9-кабатка чейин подъездди түтүн каптаган. Өрт чыккан жерге КРнын ӨКМнын Бишкек шаарындагы “Куткаруу кызматынын” куткаруучулары чыгып, өрт өчүрүүчүлөр менен бирдикте 33 адамды (8 жаш бала) куткарышты. Түтүнгө ууланган 9 адамды (2 жаш бала) "Тез жардам" медициналык кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Саат 23:01де өрт толук өчүрүлгөн, учурда өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар: 1956-жылы туулган Максуталиева Ж., 1976-жылы туулган Рысбекова Т., 2007-жылы туулган Максатбек уулу А., 2006-жылы туулган Шаипов А., 1998-жылы туулган Жумабаев А. 1944–жылы туулган Федотова Л.В. жана 1993-жылы туулган Суваналиева Е. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: