super.kg logo

Кызматтан бошотулган сот Гүлчехра Оморованын апасынын жазгандары боюнча жооп кайтарылды

 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык 3-апрелде кызматынан бошотулган.

Гүлчехра Оморованын апасы Максуда Оморова анын кызматынан бошотулушу боюнча өз пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты. Ал жазган билдирүүсүндө кызы буйруктарды аткарбай койгондугу үчүн "жумуштан өз каалооң менен арыз жазып кет" деген бир канча ирет басым болгонун белгилеген. Ошондой эле өзү да 20 жыл сот тармагында иштеп, чыгарган чечимине карата бийликтегилер көзөмөл салганы менен, бирок чечим мыйзамдын негизинде гана болгондуктан, азыркыдай абал жаралбаганын кошумчалаган.

Мамлекет башчы Жээнбеков Гүлчехра Оморованы Тартип комиссиясынын сунушу менен кызматтан бошоткону белгилүү болгон.

Бул маселе боюнча Жогорку Сотко караштуу сот департаментинен SUPER.KG'ге 10-апрелде кабарлашкандай, Тартип комиссиясы кынтыксыз иштеп жаткан судьяны жумуштан бошотуу боюнча президентке жөн гана сунуштама жибере албайт. "Бул коллегиалдуу органга жарандар жана Башкы прокуратура тарабынан арыздар келет. Комиссия ар бир арызды дыкат изилдеп чыгып, андан кийин президент сунуштама берет. Оморовага карата да арыздар келип түшкөн. Изилденип, фактылар бар болгондон кийин гана сунуштама берилди", - деп билдиришти мекемеден.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(12)
10.04.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
сизда кызык екенсиз бир нерсе болгон учун бошототтуда ,
Модератор admin_portal түзөттү 2018-04-11 12:11:49
10.04.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сот эркек киши болушу керек, аялдар бала тууп, балдарына тарбия берип уйдо отурсун.
10.04.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurgaz,
Бир тамчы акылынан секет кетейин. Акылы жоктун байлыгы да жок, бактысы да жок. Озундун энене да ушундай мамиледесинби. Короодогу малдагы сенче ойлонбойт.
11.04.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ka2sr1,Эркек гана сот болуш керек деп ойлоймун катындардын баары кочого чыкканы калды жалан баш..ошон учун
10.04.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
nurgaz,Аял эле болуп туулуп калсан болмок экен. Озуно окшогон акылы жок эрге тийип. Озуно окшогон эрди тапсан жашоондо азаптын азабын кормоксун. Озунду малга окшоп сарайда камалып жаткан аял катары элестетип корчу терениреек. Жашоодо болуп жаткан озгоруулорго кобууроок аралаш. Сен Аравия Иран, Пакистанга кочуп кетсен болмок. Ошол жакта аялдар сенин оюндагыдай кул катары жашашат молдолордун ырларына ыраазы болушуп.
nuri1 түзөттү 2018-04-10 22:10:48
10.04.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Максуда, Гулчехра кыргыз эмес окшойт
11.04.2018. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул Соттор жазаланып камалатурган закон болсо экен бизде. Адамдын тагдыры биздин сотторду кызыктырбайт, акча берсен олтургучтуда актап салат. Аллах жазанарды берсин сатылган соттор.
11.04.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болду да эми 20 жыл иштесе Сот болуп 90 жашка чыкса 90 жыл иштеш керекпи жаштарга да берсин эми иштешсин башкалары да эми песияга чыгып эле эс алып олтурсун да Гулчехра эжебиз чарчагандыр 20 жыл иштесе
11.04.2018. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иштен айдалса эле бийликтин буйругу деп чыга калышат. Ак иштеген адам менин оюмча актанбайт, жөн кана кетип калат.
11.04.2018. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тазаласын баарын, жашасын презитентибиз,
11.04.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Судьялыка жетиш үчүн да кызыңыз Гулчехра далай адамдын тагдырын адилетсиз чечкендир эмиле адилеттүү болуп калыппы?Бир программадан көрдүм эле Бактияр деген баланы жок жерден соттоп кесип,анысы аз келгенсип "Бактияр билем сенде күнөө жок кечирип кой "деген экен сот бүткөндө.Мындан башка канча адамдар бар тагдыры талкаланган.Соттор адилеттүү чечим чыгарыш үчүн эмес акча үчүн иштейт азыр.
11.04.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне энеси сот болгон болсо кызы да омур бою сот болуш керекпи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: