super.kg logo
  Саясат  

Мыктыбек Абдылдаев: "Акыркы 8 жылда бир дагы башкы прокурор таза кеткен жок"

 

"Акыркы 8 жылда бир дагы башкы прокурор таза кеткен жок", - деди бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев.

Ал прокуратура тармагында саясий басым көп болгонун айтып, бул кызматка эрктүү адамдар келиши керектигине токтолду.

Абдылдаев президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевге: "Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү боюнча президенттин сунушу акыркы алты жылдагы коррупциялык күрөш ийгиликсиз болгонун билдиреби?" - деп сурады.

Абылгазиев: "Укук коргоо органдарынын ичиндеги коррупциялык иштер боюнча жыйынтык ушундай" деди.

Мыктыбек Абдылдаев прокуратура тармагына мурдагы ыйгарым укуктарын кайра берүүнүн зарылдыгын айтты.

"Прокуратуранын ыйгарым укуктарын кайра берели. Мен да башкы прокурор болуп иштегем. Басымга чыдаган, чыдабаган прокурор бар. Акыркы 8 жылда бир дагы башкы прокурор таза кеткен жок. Үч башкы прокурор соттолду. Биз кылмыш саясатын, кадр саясатын туура алып баралы. Кийинки келе турган башкы прокурор өз функциясын так аткарышы зарыл. Ал өз функциясын аткарып, аткара албай калганда кетип калгандай болушу керек. Эгер ушул жол менен кетсек, кийинки башкы прокурордун абалы ушундай болуп калышы мүмкүн. Башкы прокуратурадан тергөө функциясын алып койдук, ошондо депутаттар колдогонбуз. Бул чоң кызмат, баарыбыз калыс чечишибиз керек", - деди Абдылдаев.






Парламент президенттин башкы прокурорду кызматтан бошотуу сунушун колдоду

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: