super.kg logo

Камбоджада баш мээсинин жарымы жок ымыркай төрөлдү

 

Камбоджада баш мээсинин жарымы жок ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Камбоджанын чыгышында жайгашкан алыскы айылдардын биринде баш сөөгүнүн жана баш мээсинин жарымы жок Ах Нит аттуу кыз жарык дүйнөгө келген.

Дарыгерлер кичинекей Ах Нитке анэнцефалия (баш сөөгүнүн жана баш мээсинин жарым бөлүгүнүн жоктугу) диагнозун коюшкан. Кызды дарыгерлерге көрсөтүү үчүн ата-энеси үйүн жана жер тилкелерин сатышкан. Азыркы тапта бейтапты дарыгерлер үйүнө чыгарып беришкен.

"Мен төрөгөндө эле балам башкача экенин сезгем. Бир нече күн ыйлагам. Биз абдан жакыр жашайбыз, ошол себептен болгон мүлкүбүздү кызыбыздын жанын сактап калуу үчүн саттык. Азыр болсо элден жардам сурап жатабыз", - деп билдирген кыздын апасы.

Бул оорунун дүйнө жүзүндө чанда кезиккенине карабастан, дарыгерлер кыздын жашап кетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришип Ах Нитти борбордогу ооруканага алып барыш керек экендигин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
11.04.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алла сакаяып кетсин Алладан ган болду деген нерсени журокко киргизиш керек бай болсонда кедей жашасанда
11.04.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах шыпаасын берсин
11.04.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мутация.
11.04.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оорулунун оюна эмне келип, эмне кетпейт. Оору оору эмес, ооруну баккан оору.
11.04.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыпаасын берсин!
11.04.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Албетте Аллах каалаган тагдырды көрөбүз. Бирок бардык нерсе себеби менен болот. Буга да жакырчылыктан витамин жетишпегендир. Ар бир кош бойлуу эне жакшы тамактанып,уктап,бала га да азык жеткириш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: