super.kg logo

Казакстандык 5 жаштагы Ернар карыядай көрүнөт. Буга ата-энеси алыс туугандардан болгонубуз себеп дешет

 

Казакстандын Астана шаарында жашаган 5 жаштагы Ернар Алибеков наристе болгонуна карабастан 60-70 жаштардагы адамдардай көрүнөт. Ернардын дарты тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, Ернар Алибеков төрөлгөндөн бери тубаса дарт менен алышып келет. Дарыгерлер Ернарга “былбырак тери синдрому” деген диагноз коюшкан. Теңтуштарынан эрте карыган Ернар Алибеков келечекте белгилүү шахматчы болгусу келерин айтат. Ернардын атасы ширетүүчү болуп иштеп, үй-бүлөсүн багат.

Ернардын апасынын айтымында, алар Астанада чакан бир бөлмөлүү батирде 50 миң теңге төлөп жашашат. Ернар башка да оорулар менен жабыркайт.

Анын апасы: "Ернар жакшынакай эле төрөлгөн, кийин эле дарыгерлер толтура диагноздорду коюп, баламдын оорулуу экенин айтышты. Анын жүрөк кемтиги, астма оорусу бар, ошон үчүн да учакта көп жүрө албайт. Шарт болсо чет өлкөгө барып пластикалык операция жасаталы дегенбиз. Бирок ага көп акча кетет экен. Мамлекеттен батир алуу боюнча кезекте турабыз, бирок бизге кезек такыр эле жетпей койду”, - деп айткан.

Айта кетсек, Ернардын ата-энеси Ташкент шаарынан көчүп келишкен. Баласынын оорулуу төрөлүп калганын алар дарыгерлердин айтканына таянып, алыс туугандардан болгону менен түшүндүрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
12.04.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Сакайып кетсин ылайым ,ата-энеси бир жакшынакай жубайлар экен,сабыр берсин.күчтүү болгула демекмин.байкуш баланы келечекте кандай азаптар күтүп турат экен аттиң...себеби азыр адамдар жүрөгүнө эмес келбетине карап мамиле кылып калышпадыбы
12.04.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эч бир адамдын башына тушпосун.Аллахым шыпасын берип.
12.04.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Загодочная истормя Бенджемна деген кинодогудай экенда
12.04.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав)14 кылым мурун айткан балдарыңардын денсоолугу чын төрөлүүсү үчүн тууганыңарга үйлөнбөгүлө деп. Батыш өлкөлөрүндө да ар кандай наристелердин төрөлүүсү көп кездешет аларда ушундай себептерден улам болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: