super.kg logo

Камакта отурган депутаттын агасы: "Парламентте чындыкты айткан депутаттар аз"

 
Талантбек Исаев

Жогорку Кеңештин депутаттары соттолгон саясатчылардын жакындары, жактоочулары жана сот тарабынан айыпка жыгылган журналисттер менен жолугушуп, алардын үнүн угуп жатышат.

Жолугушууга депутаттар: Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Алтынбек Жунус Уулу, Мирлан Бакиров катышууда. Учурда жолугушууга келгендер депутаттарга камактагы саясатчыларга карата соттук чечимдер саясий буйруктун негизинде мыйзамсыз кабыл алынганын, сотторго саясий буйрук берүүнү токтотуу керектигин сунушташууда.

Абакта жаткан мурдагы депутат Канат Исаевдин агасы Талантбек Исаев аларды кабыл алган депутаттарга ыраазычылык билдирди.

"Парламентте чындыкты айткан депутаттар аз. Сиздер коркпой туруп, бизди кабыл алып жатканыңар үчүн ыраазыбыз. Менин иним Канат Исаев да сот системинде болгон кемчиликтерди айтып чыгып, анын кесепетинен кысымга кабыла баштаган. Акыйкаттык Ак Үйдүн 7-кабатынан башталат. 7-кабаттагылар сот ишине кийлигишүүнү токтотуусу керек. Сот далилдерге гана таянуусу зарыл. Менин иним далили жок 12 жылга камакка алынды", - деди Талантбек Исаев.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
11.04.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман болуп, акча суйлоп турган жерде, чындык унчукпай турат.
zhaku2017 түзөттү 2018-04-11 13:12:46
11.04.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми онолоорбуз.. АШАнын доору бутуп, кесепеттеринин баары озу менен кошо кетсе экен ылайым! Чындыкты суйлогондордун баарын соттоп камап, же анысы аныкталбай аябай саясаттын акмагын чыгарды. АШАнын иши каша деп бекер айтылбайт экен элибизде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: