super.kg logo

Сохтогу Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосундагы чыр боюнча жабырлануучу: "Сөзгө келбей эле сабап киришти"

 

Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох анклавында орун алган "Ширеч" насостук станциясынын кызматкери Өзбек жарандары тарабынан сабалган. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Суу-Башы айыл аймагынын башчысы Кудайберген Козубеков билдирди.

Анын айтымында, окуя 10-апрелде болгон.

"Бул боюнча Өзбекстандын Сох районунун акими менен Баткен облусунун акими Сох аймагында жолугушту. Анда Өзбек тарап сабады деген 4 жаранды суракка алышканын айтышкан. Ошондой эле аларга кылмыш иши козголо тургандыгын кошумчалашты. Андан кийин бул боюнча Баткен облустук прокуратурага кат жөнөтүшөт. Ошондой эле Сох районунун акими насостук станцияда иштеген Кыргыз жарандарынын коопсуздугун мындан ары Өзбек тарап да көзөмөлгө аларын билдирди. Ал эми жаракат алган жаран Баткен облустук ооруканасында дарыланууда", - деди Козубеков.

Ал эми "Ширеч" насостук станциясында Өзбек жарандары тарабынан сабалган Азизжан Мансуров SUPER.KG порталына окуя тууралуу буларды айтып берди.

"Иштеген жерим Өзбекстандын Сох анклавынын ичинде жайгашкан. Мен ал жердеги "Ширеч" насос станциясында моторист болуп иштейм. 10-апрель күнү жумушта отургам. Шеригим башчыбызга жолугууга кеткен. Ошол кезде Өзбекстандын 4 жараны келип, суу чыгарган насосуңарды жок кылабыз, силерди иштетпейбиз деп эле мени таш менен ургулап башташты. Алар кеп-сөзгө келишкен жок. Мен башымдан катуу жаракат алдым. Качып барып тамактануучу үйгө кирип, эшикти ичинен бекитип алып араң кутулдум. Алар кетип калышты. Негизи Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосунда уруш болсо биринчи эле Өзбек жарандары бизге келе беришет. Себеби суу чарба бизге караганы менен, биз алардын жеринде иштейбиз да", - деди ал.

Учурда жабырлануучунун абалы турукташып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
11.04.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Усубалиев Сохту Шаймерденди Озбек ССРине бир нече жылга арендага берген. Ошол боюнча алалбай калдыкго чиркин ай.... Чоналайдыда бергиле эми..
11.04.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Абдан окунучтуу окуя.Бул биринчи жолу эмес албетте.Кана жожо короз депутаттар ХХХХХХХХХХ шайланар алдында айды кунду убала кылат мен чечем мен бутуром.шайлоодон кийин суур чээнге киргенлей таппайсын.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-12 10:39:57
12.04.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Boika1986, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
11.04.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХХХХХХ Нервти кашайтып салышат, виза менен кире турган кылып ушуларды кууп чыгып койсо кана эми!
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-12 10:40:28
12.04.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Gulirka, этика нормаларын сактаңыз!
11.04.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чек-араны чечкиле жана бир карыш жерибизди да откорбогуло
11.04.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл окулдору ун катып олтурат ХХХХХХХХХХХ баладай манас атабыз бул жакта турсун курманжан апабыздай тош кагып элим жерим деген бир да эл окулу жок эрекек деген ХХХХХХХХХХХ элибиздин сабыры да калбады ХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-12 10:41:31
11.04.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХ ХХХХХХ Биздин чиновниктер чечкенче ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-12 10:42:43
12.04.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omush94, RICH., провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт! 10 күндөн БАНга!
12.04.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жерлер четинен ошолорго отуп жатат!Ойлонуп отуруп оюма жетпей кетем,эртенки кунубуз кандай болот деп,чондорго кетишет башка олкого,карапайым Кайран элимди ойлогон жан жокго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: