Чолпон-Ата шаарында "Run the Silk Road" эл аралык марафону өтөт
Быйыл май айында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Run the Silk Road" эл аралык марафону 7-жолу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде маалымат жыйында уюштуруучулар билдирди.
Уюштуруучулардын айтымында, жөө күлүк, СССР спортунун эл аралык класстагы чебери Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган мелдешке 2 миңге жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Марафондо спортчулар 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97 метр аралыкка, 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка чуркап, күчүн сынашат.
Мелдеш 12-май күнү Чолпон-Ата шаарында орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.