super.kg logo

Абакта жаткан саясатчылардын жакындары аларга карата чыгарылган соттук чечимдерди кайра карап чыгууну талап кылышты

 

Абакта жаткан саясатчылардын жакындары аларга карата чыгарылган соттук чечимдерди кайра карап чыгууну талап кылышууда. Ал үчүн атайын комиссия түзүп, анын курамына сот системинде тажрыйбасы бар юристтерди киргизип, саясатчыларга карата чыгарылган соттук чечимдерди дыкат иликтеп чыгуусун сунуш кылышты. Ошол эле учурда абакта жаткан мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искендер Афиджанов депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын айтып, анын сунушун башкалар колдоого алды.

Сот тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылып, учурда жаза мөөнөтүн шарттуу түрдө өтөп жаткан Дастан Сарыгулов Жогорку Кеңештин депутаттарын бул багытта расмий чечим кабыл алууга чакырды.

"Бул аракетиңиздерди буга чейин башташыңыздар керек эле, бирок азыр да кеч эмес. Ошондуктан Жогорку Кеңеш расмий чечим кабыл алып, тез аранын ичинде аракет жасашы керек. Антпесе, азыр "УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева чет өлкөгө чыгып кетти" деп жатышат. Тез арада чара көрүлбөсө, тергөөчүлөрдөн бери чыгып кетет", - деди Сарыгулов.

Айта кетсек, депутаттар менен жолугушууда саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөн Чотоновдун, Канат Исаевдин, Садыр Жапаровдун, Максат Кунакуновдун, Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадырбековдун, Эрнест Карыбековдун туугандары менен жактоочулары катышты. Мындан тышкары экс-президент Алмазбек Атамбаевге сотто утулган журналисттер Нарын Айып жана Дайырбек Орунбеков жыйынга келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
11.04.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыр Жапаровду токтоосуз актоо керек.
11.04.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
С жапаровдунда ишин карап актоо керек.
11.04.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ураааа Текебаевдин байкоо камералары алыныптыр.Буйурса эми жакында акталаааат.Текебаев биз сиз менен.сиз чындыкты гана суйлойсуз.Чыгып Дача суунун трагедиясын Ашанын моюнуна койуп.Сиздин ордунузда ошол камалышын талап кылабыз.мына кечеда 7-апрель окуясынын эскеруусуно барбады не Отумбаева.Жеенбековдон ###### ХХХХХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 15:29:35
11.04.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mikra, порталдын эрежелерин сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: