super.kg logo

"Бакай Банкы" жеңилдетилген насыя берүү үчүн фермерлерден билдирүүлөрдү кабыл алууда

 

"Бакай Банк" ААКсы 2018-жылдын 2-мартынан тартып “Айыл чарбасын каржылоо-6” мамлекеттик долбоордун алкагында жеңилдетилген шарттарда кредит алууга билдирмелерди кабыл алып жатат. Айыл чарбасын каржылоо долбоору жазгы-талаа иштерин өз учурунда жүргүзүү, мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүү багытын, айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү секторун, ошондой эле айыл чарба тармагына кызмат көрсөтүүнү сунуштоону андан ары өнүктүрүү үчүн каралган.

Аталган долбоор республиканын айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөргө төмөнкү шарттарда жеңилдетилген кредиттик каражаттарды сунуштоо максатын көздөйт:

- айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштеп чыгууга – жылдык 6%;

- бак өстүрүүгө – жылдык 8%;

- өсүмдүк өстүрүүгө –жылдык 10%;

- мал чарбачылыгына – жылдык 10%;

- асыл тукум мал сатып алууга – жылдык 10%.

Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар карыз алуучулардан боло алышат.

Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштеп чыгуу, экспортко жөнөтүлүүчү продукция чыгаруу тармактары үчүн негизги карыз боюнча жеңилдетилген мезгил 12 айга чейинкини түзөт.

Жеңилдетилген шартта кредит алуу мүмкүнчүлүгү менен кең-кесири "Бакай Банкынын" расмий сайтынан жана банктын кеңсесине келип же банктын 6111 номери боюнча чалуу-борборунан сурап билсе болот.

"Бакай Банк" ААКсы 19 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын калкына финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири топтомун сунуштап келет. Учурда банктын 70тен ашуун аманат кассасы жана филиалдар түйүнү өлкөнүн бардык регионунда тез жана ыңгайлуу кызматын сунуштап жатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.04.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет жерде иштеп журобуз , кантип байланышып акча ала алабыз 10 % менен болсо да алат элем
12.04.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм.укмуш реклама.алайын деп барсаң толтура документтерди айтатат анан өзүң эле алгың келбей калат шапкесин бергендер тааныш билиши барлар жөн эле алып атышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: