super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Облуста 20 адам "Хизбут-Тахрир" уюмунун жактоочулары катары каттоодо турат

 
Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча облус боюнча 20 адам "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары катары каттоодо турушат. Алардын ичинен 15 жаран Нарын шаарынан,  ал эми 5 адам Ат-Башы районунан катталган. Алардын ичинен 4 адам сот жообуна тартылган. Ошондой эле "Салафит" диний уюмунда 2011-жылдан бери 3 адам каттоодо турса, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 1 адам каттоого алынып, алдын алуу иштердин натыйжасында 4 адам каттоодон чыгарылып, бул уюмдагылардын үстүнөн тынымсыз оперативдик көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары диний экстремизмди алдын алуу максатында  Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунда жана Нарын шаарында тегерек столдор өткөрүлүп, ММКларда чагылдырылган. Облустун аймагында мыйзамсыз миграциянын алдын алууда жүргүзүлгөн оперативдик-профилактикалык иштердин натыйжасында КРнын миграция мыйзамдарын бузган жалпы 68 чет элдик жаранга КРнын Административдик кодексинин 390-беренесинин 1-бөлүмү менен бардыгы 54000 сомдук айыптар салынып, толугу менен өндүрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында облустук Ички иштер органдарынын тергөө аппараттарынын өндүрүшүндө жалпы 508 кылмыш иштери ачылып, 443 кылмыш  иши боюнча алдын ала тергөө бүтүп, алардын 364 иши соттордун кароосуна жиберилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: